Menu

Сооронбай Жээнбеков: Кыргыз эли үчүн Чыңгыз Айтматов – чоң сыймык, анын 90 жылдыгын татыктуу өткөрүү зарыл

Бөлүшүү:

Кыргыз эли үчүн Чыңгыз Айтматов – чоң сыймык, анын 90 жылдыгын татыктуу өткөрүү зарыл, — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматиовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында. Жыйынга жазуучунун карындашы жана уулу катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Уюштуруу комитети 2017-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлгөн.

Отурумда Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш чаралардын Планын даярдоо маселеси каралды. Тактап айтканда, Ысык-Көл үчүнчү эл аралык интелектуалдук форумун өткөрүү, видео жазмаларды даярдоо, Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуп жаздыруу, туристтик маршруттарды уюштуруу, фестиваль, кино, музей жумалыктарын өткөруү пландары талкууланды.

«Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун улуттук жана дүйнөлүк маданият менен адабиятка кошкон салымы зор. 2018-жылы Ч.Айтматов 90 жашка чыкмак. Белгилей кетсек, 90 жылдыкка карата өткөрүлө турган бардык улуттук жана эл аралык деңгээлдеги иш чаралар жогорку деңгээлде өтүшү керек» — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков уюштуруу комитетинин мүчөлөрүн иш чараларды өткөрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Көркөтүлгөн пландарды ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине керектүү каражаттары убагында бөлүп берүү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: