Menu

Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо боюнча кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-августта, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо жана модернизацияло боюнча жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш,  турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору  Бактыбек Абдиев маалымдагандай,  Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо иши  2018-жылы башталат.

«Ипподромдун реконструкциялоо планы даяр. Каржылоо маселеси чечилген. Бир гана жакынкы аралыкта болуучу соттук чечимди күтүү керек. Ат майдан Бишкек шаарынын муниципалдык бийлигинин жеке менчиги болууга тийиш. Соттун чечиминен соң ат майдандын ремонт иштерин баштоо үчүн бардык негиздер болот», – деп маалымдады Бактыбек Абдиев. Жаңы долбоор боюнча ипподром 5500 отуруучу орунга эсептелет. «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо боюнча долбоордун жалпы сметасы 650млн сомду түзөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков реконструкциялоо боюнча иштерди өз убагында баштоо жана бардык иштерди сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Ат оюндарына карата калк арасында, туристтердин кызыгуусунун күчүгөнүн эске алуу менен «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо чоң мааниге ээ.  Бардык оңдоо иштери аяктаган соң, борбор калаа заманбап жана ыңгайлуу, шаардыктар сыймыктанган ат майданына ээ болоруна ишенем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү реконструкциялоо иштерине  зарыл болгон колдоону көрсөтөт », – деди Өкмөт башчы.

Эске салсак, 2017-жылдын 29-мартында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданына барып, тийиштүү мамлекеттик органдарга стадиондун менчик ээсинин коюлушуна  байланышкан бардык документтерди иликтеп чыгууну жана ал мэриянын болушу керектигин жана

«Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо жана  модернизацияло боюнча сунуш берүүнү тапшырган.  «Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан, аянты 57,4 гектар, 3000 отуруучу орунга эсептелген. «Ак-Кула» ААК менен Бишкек шаардык мэриясынын ортосундагы «Ак-Кула» ипподромунун бардык мүлктүк  менчик укугуна байланыштуу соттук териштирүү 2013-жылдан бери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: