Menu

Турсунбек Акун шүк отурбайбы?

Бөлүшүү:

Мен таза шайлоо үчүн деп аталган тегерек столго катышкан укук коргоочу Турсунбек Акун сөз алып, шашып кеттиби же ЖМКларга маектерди телефондон берип көнүп калганбы ким билсин, айтор микрофонду кармап алып сөзүн алло деп баштабаспы… Ал Мадумаровдун сөздөрүнө каршы экендигин, 60ка таяп калганда аламанга аттанган кыргыздын Тайторусу катары президенттикке аттанып жатканын, кесиптештери укук коргоочулар не десе да колдой тургандыгын, Текебаев, Жапаровдор камалып жатканда укук коргоочу катары жүргөндүгүн, бирок азыр кооз сүйлөп, акыл айтып тегерек столго катышып жаткандар үн катканга жарабай дудук болуп калганын, эгер шайлоодо өтпөй калса эң көп жабыр тарткан өзү болоорун, жеңээрине көзү жетпесин, жеңе тургандар мындай жыйындарга келбей турганын, интриганын баарын ошол олигархтар кылаарын айтты. Андан ары шайлоо өнөктүгүн бийлик тарап бузбагандыгын, чөнтөгү калың олигархтар бузуп жатканын, тегерек столго катышып жаткандар кедей-кембагал талапкерлер экендигин, бузгандардын сап башында Сариев тураарын, ал алты ай мурун эле үгүт иштерин баштаганын, басыгы башкача болуп жатканын, буга чейин “Ак Шумкар” партиясы ак үкү болуп жүргөнүн, премьер-министр болуп кайта шумкарга айланып көкөлөп уча баштагандыгын, каражатты кайдан тапканына таң калып жатканын, дагы бир талапкер Төрөбаев кайдан акча таап жатканын же эки жактан келип жатабы деп баш катырды. Мына ушундай мыйзам бузуулар болуп жатса,кайдагы таза шайлоо жөнүндө кеп кылабыз деп жыйынтыктады Акун. Эгер жеңишке жетээриңе көзүң жетпесе, “эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” болбой, тынч эле олтурбайсыңбы&

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: