Мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырган талапкерлердин ичинен 5 талапкер талаптагыдай балл топтой албагандыгына байланыштуу, аларга алган баллы көрсөтүлгөн маалым кат гана тапшырылган. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин ичинен 15-августта тест тапшырып, жетиштүү балл топтой албай калган талапкерлер Абышев Аскарбек Мусаевич жана Абыкулов Советбек Султанбаевич жогоруда аталган Жобонун 5-бөлүмүнүн 36 пунктуна ылайык бүгүн 18-августта кайрадан тестирлөөдөн өтүштү. Буга себеп талапкерлердин кайрылуулары болгон. Сынактын жыйынтыгында А.Абышев 60,45 балл, ал эми С.Абыкулов 60,54 балл алуу менен сертификатка ээ болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ