Андан кийинки (2010-жылы Р. Отунбаеванын референдум аркылуу шайланганын кошкондо) 2011-жылдын 30-октябрындагы президенттик шайлоодо А. Атамбаевдин жеңишке жетүүсүнө элдин басымдуу бөлүгү колдоого алган. Анткени, көпчүлүктүн ал мезгилдеги талабы да ошондой болчу. Белгилей кетчү нерсе ошол учурда төңкөрүшкө туш болгон ага чейинки бийликтин аракеттери дале мизинен кайтпай, ал ортодо саясатчылардын регионалдык “оорусу” дагы өз тоскоолдугун жаратып, А. Атамбаевге болгон добушту майдалап чачыратуу үчүн, эптеп экинчи турга жетүү максатын көздөшүп Алмазбек Атамбаев менен бирге 15 талапкер так талашка чыккан. (Алар: Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Темирбек Асанбеков, Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Байболов, Турсунбай Бакир уулу, Анарбек Калматов, Арстанбек Абдылдаев, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков, Курманбек Осмонов, Акбаралы Айтикеев, Төрөбай Колубаев, Сооронбай Дыйканов, Алмазбек Каримовдор болгон).
Шайлоонун жыйынтыгында Адахан Мадумаров 14, 78 пайыз, Камчыбек Ташиев 14, 32 пайыз добуш алышкан. Ал эми калган 12 талапкер 1 пайызга жетпеген добуштарга ээ болгон. Ошентсе да А. Атамбаев жалпы шайлоочулардын 62, 5 пайыз добушун алып, 1-турда эле жеңишке жеткен. Антип А. Атамбаевдин башкы тактыга келишинин бирден-бир себеби, карапайым элдин арасында ал киши 2010-жылдагы революциянын маховиги катары сыппаталганында болгон. Экинчиден, “апрель революциясындагы 90 дон ашык азаматтын өлүмү текке кетпесин, революция мүдөөсүнө жетиш керек” деген калктын калың контингентти да А. Атамбаевди колдогонунда болгон. (Ал эми апрель революциясы өз мүдөөсүнө жеттиби, жокпу ал өзүнчө чоң кеп кылуучу маселе).
Булак: Айгай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ