Эми минтип ушул жылдын 15-октябрында Кыргызстан кайрадан президенттик шайлоонун алдында турат. Бирок, бул шайлоо буга чейинки айтылган шайлоолордон айырмаланып, өткөн шайлоолордой кайсы бир талапкерге ык койбочудай. Анткенге азыркы бийлик өзү да себепкер болуп берди окшойт. Анткени биздин бир себеби укуругу узундарыбыз алты жыл аралыгында улуттук бир лидерди даярдап чыгара албаганында болду.
Анан калса 2010-жылдагы “…өтөн зордук” менен кабыл алынган Конституция дагы өз кедергисин тийгизди го деген да ой жаралат. Себеби, бийлик вертикалы да ошол Баш мыйзамдын негизинде баш аламандыкка оңбогондой эле туш болгонун баарыбыз эле туйгандай болук го? Ал Негизки мыйзам калың катмардын пикиринде элге эч кандай жарыгын чачкан жок. Ошол “өзгөрүлдүк” деген системанын баш аламандыгын ушундан көр 2010-жылы парламентке келген партиялар Кыргызстандын жер-жерлердеги “туалеттерине” чейин талашып, бөлүп алышпадыбы? Анан да бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, А. Акаев же К. Бакиев чылап А. Атамбаев кайрадан шайлоого барбайт. Ушундай агымдын өңүтүндө минтип убакыт алдыга алкынган сайын алдыдагы так талаш чындап эле курч мүнөздө өтчүдөй кырдаалга жакындап бараткандай. Учурда ачык баш көтөрүшпөсө да өздөрүн фаворит ойлогондордун катары да калыңдап баратат. Ошентсе да бул жолу тиреш 2 же 3 талапкердин ортосунда кырчылдашчудай.
Өкүнүчтүүсү, “аламанга аттандык” деген ошол өздөрүн “фаворит” сезгендердин дээрлиги элге сиңирген кадырынын баркы менен эмес, айрымдары аймактык куру намыстын, дагы бирлери акчанын күчү менен адамдардын аң сезимин манипуциялап жеңишке жетүүнү көздөп жаткандай түр байкалууда. Ушундай кырдаалда өлкөнүн тынчыгы, бүтүндүгү үчүн учурдагы президент А. Атамбаевдин алдында элдин эртеңки келечегин аныктай турган чоң жоопкерчилик турат.
Булак: Айгай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ