Menu

Алмаз Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-августта, Алмаз Атамбаев өлкөнүн Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Атамбаевге  Өкмөт башчысы КСДП партиясы тарабынан  өлкөнүн Президенти кызматына талапкерлиги көрсөтүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары катталгандыгына байланыштуу отставкага кетүү тууралуу  чечим кабыл алгандыгы жөнүндө маалымдады.

С.Жээнбековдун айтымында  коомдук-саясый кырдаалдын стабилдүүлүгү жана  Кыргызстандын саясый системасынын туруктуулугу өлкөбүз  президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын күтпөстөн эле жаңы Өкмөткө ээ болушу үчүн жана ошондой эле “административдик” ресурс деп аталган нерсенин тегерегинде түрдүү чайкоочулукка  жол бербөө максатында Мамлекет башчысына  Премьер-министрдин кызматынан отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

“Алмазбек Шаршенович, Сиз  ар дайым ушул позицияны колдоп келгенсиз, ошондуктан эл Сизди  шайлоолорду таза өткөрүүнүн демилгечиси гана болбостон, анын кепилдиги дагы деп эсептейт. Ошондуктан  менин отставкамды кабыл алышыңызды өтүнөм.  Мен үчүн  бардык талапкерлерге бирдей шарттар  түзүлгөнүнө эч кандай күмөн саноо болбогон шайлоолордо жеңишке жетишүү принципиалдуу мааниге ээ»,- деп кайрылды С. Жээнбеков.

Алмаз Атамбаев  С. Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды жана  бул  кадам анын  бийик адамгерчилигинин жана ак ниеттигинин жаңы далили катары  эсептээрин белгиледи. “Премьер-министр кызматында  Сизге жүктөлгөн ишенимди толук  актадыңыз деп эсептейм.  Сиз жетектеген кабинет мен Президент болгон мезгилдеги  эң жакшы Өкмөт болду”.- деп баса белгиледи Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: