Menu

Кыргызстанда 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсия жогорулайт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-октярбрынан тартып пенсиянын өлчөмү  жогорулайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  өкмөттүн бир катар токтомдоруна  кол койду. Бул документтер пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо  максатында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө» токтомуна ылайык  кабыл алынды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Атап айтканда, Сооронбай Жээнбеков Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө» жана 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн  өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» токтомдоруна кол койду.

Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө» жана «2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн индексациялоо жөнүндөгү» токтомдоруна кол койду. Пенсияга байланыштуу жогорулатуу «КР Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Теңизбек Абжапаров баса белгилегендей, 2017-жылдын 1-октябрындагы  жогорулоодон кийин республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 516 сомго көбөйөт жана ал 5517 сомду түзөт. Жыл башынан өсүү  108,6%,  азыркы учурдагы өсүүнүн жогорулоосу  – 110,3% түзөт. 5000 сомго чейинки пенсия үчүн жогорулатуу  өлчөмү орточо 113,2%, ал эми 5000 сомдон жогоркулар үчүн орточо– 107% түзөт.

Жогорулатуу механизмдери төмөнкүдөй үлгүдө ишке ашырылат:

– 2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом өлчөмүндө белгиленүүдө, өсүү 280 сомду түзөт;

-Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 1,05 индексациялоо коэффициент өлчөмүндө  жогорулатылат, бирок 240 сомдон кем эмес өлчөмдө индексация жүргүзүлөт.

Индексациялоо коэффициенти өткөн жылдагы инфляциянын өсүшүнүн жана эмгек акынын өсүшүнүн негизинде эсептелет.

-биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун (ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.

Мында 2016-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин дайындалган пенсиялар үчүн  2015-жылдагы пенсионердин жашоо минимумунунан төмөн эмес 4637 сом өлчөмүндө белгиленет, ал эми 2017 жылы чектелген пенсиялар үчүн  -2016-жылдын пенсионердин жашоо минимумунунан төмөн эмес -4304 сом өлчөмүндө белгиленет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: