Menu

Москвада сын айткан тажик мигранттын кулагын тиштеп алышты

Бөлүшүү:

Москвада Тажикстандан барган эмгек мигранты жергиликтүү аялдардын бирине сын айтып койгондугу үчүн анын күйөөсү тарабынан катуу сабалды. Анын бир нече тиши түшүп, сол кулагынын жарымы тиштелген.

Тажикстандык мигрант Махмадулло Давлатзода ити Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы гүлдөргө заңдаган аялга сын айткан. Жооп катары ал кыйкырып, мигрантты кемсинткен.

«Мен анын бул кыйкырышы менен айтышыбыз бүттү го деп ойлогом. Бирок эртеси чымыр денелүү бир киши келип, мени сабап баштады. Ал менин тиштеримди сындырды, анан качып кетүүгө аргасыз болдум», деди Махмадулло.

Окуядан кийин Давлотзода полицияга даттанып барган, бирок укук коргоо кызматкерлери аны арыз жазбастан, сабаган адамды кечирип коюуга көндүрүшкөн. Бирок көп өтпөй тигил киши кайрадан пайда болуп, аялынан кечирим сурабаса мындан ары бул жакта иштебей тургандыгын айтып бычак менен коркуткан. Мигрант анын бул талабын аткаруудан баш тартканда ал Давлатзоданын кулагын тиштеп алган.

Махмадулло Давлатзода Москвада 10 жылдан ашык убакыттан бери короо шыпыруучу болуп иштейт жана көп кабаттуу үйдүн тургундарынын көбү аны жакшы таанышат жана сыйлашат.

«Коомдук чечим» уюмунун тажик мигранттарынын укуктарын коргоо менен алектенген адвокаты Ирина Бирюкова мигранттын кулагын тиштеп алган москвалык дагы Давлатзодага даттанып полицияга кайрылганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: