Menu

Орусиянын АКШдагы элчиси болуп ЕБдин санкциялык тизмесиндеги адам дайындалды

Бөлүшүү:

Дүйшөмбүдө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн АКШдагы элчиси кызматына Анатолий Антоновду дайындады. Кремлдин сайтындагы маалымат боюнча жаңы элчи Орусиянын БУУдагы туруктуу байкоочусу да болуп калат.

Ардагер дипломат Анатолий Антонов Орусиянын Крымды аннексиялашына жана анын Украина чыгышында куралдуу жикчилдерди колдогонуна катышы бар делинип Евробиримдиктин “кара тизмесине” 2015-жылдын февралында кошулган.

2011-2016-жылдардын аралыгында Орусиянын коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган Антоновго Канада менен Украина да санкция киргизген.

62 жаштагы Антонов Орусиянын агрессивдүү тышкы саясатынын жактоочусу жана курал көзөмөлү өңдүү маселелерде катаал сүйлөшүүчү катары белгилүү. Акыркы кездери тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап жаткан Анатолий Антоновдун АКШдагы элчилик кызматка дайындалганы 21-августта жарыяланды. Ал бул кызматта Вашингтондо 2008-жылдан бери элчи богон Сергей Кислякты алмаштырат.

Кисляктын 2016-жылы АКШ президенти Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын айрым мүчөлөрү менен жолугушуулары Орусиянын АКШ президенттик шайлоосуна кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн алкагында каралып жаткан маселелердин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: