Menu

Кызыл Чырым: Украинадагы согушта жалпысынан 10 миң киши каза болду

Бөлүшүү:

2014-жылдан бери Украинанын чыгышындагы согуштан дээрлик үч миң жай тургун каза болуп, миллиондон ашык үй-бүлө үйлөрүн таштап кеткен. Ошол эле маалда согуш болуп жаткан аймакта 500гө жакын бала жашоосун улантууда. Бул тууралуу Кызыл Чырым уюмунун Украинадагы бөлүмүнөн билдиришти.

Украинадагы адам укуктары боюнча БУУнун мониторинг миссиясынын маалыматы боюнча, согуш башталган үч жылдын ичинде аскерлерди кошкондо жалпысынан 10 миң киши мерт болуп, дээрлик 24 миң адам жаракаттарды алган.

Мурдараак Украинанын Коргоо министрлиги Донбасстагы согуштан 2700 украин аскери курман болуп, 10 миңден ашыгы жараат алганын билдирген. Мекемеден куралдуу кагылышуулардын чыгымы 50 миллиард доллардан ашканын айтышкан.

Украина менен Батыш өлкөлөрү Москваны куралдуу орусиячыл жикчилдерди колдоп жатат деп айыпташууда. Кремль айыптоолордун бардыгын четке кагып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: