Menu

Атамбаев Жээнбековдун өкмөтүн 2011-жылдан берки эң жакшы өкмөт деп атады

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды. Кечээки жолугушууда ал “Сиз жетектеген кабинет мен президент болгон мезгилдеги эң жакшы өкмөт болду” деп билдирди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жээнбеков КСДП партиясы аны шайлоого талапкер кылып көрсөтүп, Боршайком каттаганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын айтты.

“Мен үчүн бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөнүнө эч кандай күмөн саноо болбогон шайлоодо жеңишке жетүү принципиалдуу мааниге ээ» деп айтты Жээнбеков.

16-июлда КСДП партиясы Жээнбековду талапкер кылып көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бүгүн аны БШК президенттикке талапкер кылып каттады. Ал 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган. Жээнбеков премьер-министрликке былтыр 13-апрелде келген.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: