Menu

Күбө Мамайга эмне үчүн акча берилип жатканын сурабаганын айтты

Бөлүшүү:

21-августта журналист Жанболат Мамайдын иши боюнча сотто айыптоо тараптын күбөсү Галымжан Аханов 2011-2014-жылдар аралыгында жубайы Шамшия Жаримбетованын өтүнүчү менен белгисиз адамдарга акча берип келгенин билдирди. Мамай БТА Банктан уурдалган делген акчалардын изин жашырууга айыпталууда.

Күбө Ахановдун айтымында, акчаларды жубайынын агасы, БТА Банктын мурдагы менеджери Жаксылык Жаримбетов жөнөтүп турган. Ал 2009-жылы банк улутташтырылгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Аханов акчаны конверттин сыртына телефон номуру жазылган адамга жеткирип берип турган. Айтымында, ал акчаны эмне үчүн берип жатканын сураган эмес. Соттун жүрүшүндө Аханов өзүн сүрөткө жана видеого тартпоону өтүндү.

Өткөн жума күнкү отурумда БТА банктын мурдагы топ-менеджери Жаксылык Жаримбетов «Трибуна» гезитин чыгаруу үчүн Казакстанда жашаган бир тууганы Шамшия Жаримбетовадан Жанболат Мамайга акча берип турууну өтүнгөнүн билдирген. Сотто Шамшия Жаримбетова акчаны күйөөсү аркылуу берип турганын айтты.

Жанболат Мамай буга чейинки сот отурумдарында Жаримбетов менен тааныш экенин айтып, бирок айыптоолорду четке каккан.«Мен муну акчаларды адалдоо деп эсептебейм», – деп билдирген Мамай 18-августтагы отурумда. Ал өз позициясын күбөлөр көрсөтмө бергенден кийин билдире турганын кошумчалады. Мамайга БТА банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов тарабынан банктан мыйзамсыз бөлүнүп берилген делген акчалардын изин жашырган деген айып тагылган. Ал ушул жылдын февралынан бери камакта жатат. Мамай камакка алынгандан бери анын «Саяси калам. Трибуна» гезити ишмердүүлүгүн токтоткон.

Мамайдын иши боюнча сот отурумунун жүрүшү:

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: