Бишкек шаарында 22 жаштагы кыз бөтөлкөлөшүн таш менен ургулап өлтүргөн деп шектелип жатат. Алар окуя болгонго чейин бирге спирт ичимдигин ичишкен. Милициядан маалымдалгандай, 17-августта саат 16:30да “102” кызматына Гоголь менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштар чамасындагы эркек киши эс-үчүн жоготуп жатканы маалымдалган. Айтылган дарекке ыкчам топ жөнөтүлүп, тез жардам кызматынын дарыгерлери да барышкан. Эркек киши Улуттук госпиталга жеткирилип, каза болгону маалымдалган. Болжолдуу маалымат боюнча жабырлануучу көп кан жоготуп, баш мээсинен жаракат алган жана мээсине кан уюган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, белгисиз кыз жабырлануучу эркектин башына бир нече жолу таш менен ургулаган. Бул маалыматтан кийин ыкчам тергөө жүргүзгөн Свердлов РИИБдин кызматкерлери шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. аттуу кызды кармашты. Шектүү кыздын айтымында, каза болгон эркек киши ага бирге арак ичүүнү сунуштаган. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, алар мурда тааныш эмес болчу. Спирт ичимдигин ичкенден кийин кыз өзүн көзөмөлдөбөй калып, бөтөлкөлөшүн таш менен ургулаган. Учурда шектүү камакка алынып, Свердлов РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ