Өзбекстандан Меккеге апийим менен чет өлкөлөрдүн валюталарын алып кетүүгө аракет кылган зыяратчы кармалды. Ажылык зыяратка жөнөп жаткан Самарканд шаарынын тургуну А. Шамши аларды Сауд Аравиянын аймагына алып өтүүгө аракет кылган деп маалымдайт Өзбекстан 24 телеканалы. Самарканд аэропортундагы бажы комитетинин кызматкерлери анын баштыгындагы нандын арасынан таап чыккан апийимдин жалпы салмагы 72 гр. жеткен. Ошондой эле андан 5 миң 722 доллар жана башка чет өлкөлөрдүн валюталары алынган.
Апийим—жан жыргатуучу таасир берүүчү баңгизат. Ал адамды тез арада психикалык көз карандылыкка жеткирет.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ