Терек-Сай айылында 8 батирлүү үй күйүп кетип, натыйжасында 8 үй-бүлөө (баардыгы 29 адам) турак жайсыз калган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 18-август күнү Чаткал райондук жана Терек-Сай айылдык жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан изилдөө, тактоо иштери жүргүзүлүп, 6 үй-бүлөө (22 адам) туугандарынын үйлөрүнө, 1 үй-бүлө (3 адам) кошуналардын үйүнө ал эми 1 үй-бүлөгө (4 адам) айыл аймак тарабынан боз үй тигилип убактылуу жайгаштырылган.
Өрттөн үйсүз калган 8-үй бүлөөгө айыл аймак тарабынан акчалай түрдө 20 000 (жыйырма миң) сомдон жардам катары бөлүнүп берилип, айыл тургундары тарабынан дагы ар кандай жардамдар көрсөтүлгөн.
Андан сырткары ӨКМ тарабынан гуманитардык жардам бөлүнүп берилди. Анда 8 даана он орундуу чатыр, 8 даана тазалык каражаттары, 8 даана ашкана каражаттары, 28 даана жууркан, 16 даана чака, 16 даана 20 литрлик канистра бар.
Ошондой эле КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан гуманитардык жардам катары 105 кг кийим кече, 10 даана килем, 37 пар бут кийим, 4 даана шейшеп, 2 даана жууркан, 69 кг макарон, 25 кг күрүч, 32 литр өсүмдүк майы, 13 кг салат-варения бөлүнүп, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 1 оор жүк ташуучу унаасына жүктөлүп жеткирилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ