20-августта белгисиз бирөө тарабынан ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги “Айчүрөк” борбордук универсалдык дүкөнүнүн (ЦУМ) аймагына жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымдап, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аталган дарекке ИИМ менен УКМКнын кызматкерлерин жөнөткөн. Соода борбордун аймагы курчоого алынып, анын ичиндеги адамдар сыртка чыгарылган. Текшерүүчүлөр соода түйүндү бир саатка чейин тинтишип, бактыга жараша эч кандай жардыруучу зат табылган эмес. Жардырууну кабарлаган 27 жаштагы жаран экени аныкталды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ