Menu

Дүйшөмбүдө Орусия жаранына аткезчилик үчүн айыппул салынды

Бөлүшүү:

Тажикстанда Орусия жараны Татьяна Хужина өлкөдөн падышалык доордогу жез тыйынды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган деп табылды. Дүйшөмбү шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Хужинага беш миң сомони (560 долларга жакын) өлчөмүндөгү айыппул салынып, ал төлөнгөндөн кийин Орусияга чыгып кетүүгө милдеттендирилди.

18-августтагы жарыш сөз маалында мамлекеттик айыптоо Хужинаны алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Июндун соңунда Тажикстандын Бажы кызматы өлкөдөн 1823-жылы жасалган жез тыйынды алып чыгууга аракет кылган 41 жаштагы Татьяна Хужина аттуу аялдын кармалганын билдирген. Анда ал Дүйшөмбүдөн Москвага учканы жаткан. Тажик бийлиги Хужина тыйынды аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылган деп эсептөөдө. 21-августта сот тыйын сактоо үчүн тажик музейине берилиши керек деген чечим чыгарган.

2012-жылдан бери Орусияда жашаган Татьяна Хужина тыйынды мурда эле апасынан алганын жана Орусиядан Тажикстанга келе жатканда да капчыгында болгонун айтууда. Орусиянын Тажикстандагы элчилигинен тыйын өзгөчө деле баалуулукка ээ эмес экенин жана нумизматтар тарабынан ал төрт доллардан бир аз гана ашык суммага бааланышы мүмкүндүгүн билдиришүүдө

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: