Menu

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: ЕАЭБ курамына кошулуу – өлкөдөгү улуттук кызыкчылыктарды эске алган ишенимдүү кадам

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинин курамына кошулушу  – өлкөдөгү улуттук кызыкчылыктарды эске алган ишенимдүү кадам. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан «Ысык-Көл 2017» IV экономикалык форумда билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Форумду ачып жатып, вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «Ысык-Көл 2017» IV кезектеги инвестициялык форумдун катышуучуларына кайрылуусун окуду.

«Бул форум кыска мезгил ичинде ар кайсы өлкөлөрдүн бизнес-чөйрө өкүлдөрүнүн ортосунда пикир алышуусу үчүн маанилүү аянтча болуп, соода-экономикалык кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканы  кубандырат. Экономикалык интеграциянын бекемделиши – ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин өнүгүүсүнүн кепилдиги. Буга байланыштуу бирдиктүү экономикалык саясатты жүргүзүү багытанда тармактардын санын көбөйтүү зарыл. Экономикалык интеграциялык процесстерди тездетүү максатында Евразия мейкиндигинде бизнеске болгон мыкты шарттарды түзүү керек.

Кыргызстандын жеңил жана кайра иштетүү өнөр-жайы тармагына инвестиция тартууну сунуштайт элем.  ЕАЭБ мейкиндигинде азыктарын кийин сатуу үчүн өндүрүш линиясын куруунун маанилүүлүгүн айткым келет.  Кыргыз Республикасы дагы эле ЕАЭБ  тарабынан каралган артыкчылыктарды колдонуунун жалпыланган  системасынын статусуна ээ Борбор Азияда жалгыз өлкө болуп саналат. ЕАЭБ  базарларга алып өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн 6 миң аталыштагы түрүн  өткөрүү бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Бул артыкчылык биздин өнөктөштөр жана чет элдик инвесторлор үчүн да пайдалуу болуп саналат, ал өлкөдө азыктарды ЕАЭБ атаандаштык шарттарын боюнча сатууга мүмкүндүк берет», – деп жазылган Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусунда.

Өз сөзүндө  вице-премьер-министр Олег Панкратов ЕЭК алкагында мындай форумду өткөрүп, ачык диалог түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Жакында эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгонуна эки жыл толду. Бул өтө көп мөөнөт эмес, ошентсе да айрым жетишкендиктер тууралуу айта кетүү керек. Буга чейинки тоскоолуктар, анын ичинен бажы тарифи боюнча процедуралар азыркы тапта алынып салынып, бирдиктүү техникалык жөнгө салуу системасына бекип, биздин өлкө 180 млн калкы бар чоң рыноктун бир бөлүгү болуп калды. 2016-жыл оңой болгон, бул аралыкта биздин өнөктөштөр оор абалга туш келип, бир катар мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү солгундады. 2017-жылы динамика би аз алдыга жылып, Кыргыз Республикасында экономикалык өсүү теми 7% жеткенин көрүп турабыз. Муну менен катар соода кызматташуусунун өнүккөнүн , экпорттун көлөмү өскөнүн жана эмгек мигранттарынан келген каражаттын жогорулаганы байкалууда», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов отметил, ЕврАзЭС  бир орунда турбай турганын, бул бардык багыттар боюнча жаңыланып турган бир тармак болуп эсептелерин билдирди.

«Эки жыл мурдагы абалга салыштырмалуу интеграциялык жылыштар күн сайын өзгөрүүдө. Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кошулганда санариптик  экономика тууралуу сөз жүзүндө гана болчу. Азыркы күндө санариптик экономика – күн тартибиндеги негизги приоритеттүү багыттардын бири катары эсептелип – «Таза Коом» улуттук долбоору менен бирге ишке ашууда. Мындан сырткары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үчүнчү мамлекеттер менен алакаларынын жакшырып жатканын да айта кетүү зарыл. Биз менен кызматташууга көптөгөн мамлекеттер кызыкдар болууда. Буга чейин Вьетнам менен эркин соода жүгүртүү тууралуу келишимге кол коюлган болсо, бүгүнкү күндө Иран, Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Соңунда  вице-премьер-министр Олег Панкратов форумдун катышуучуларына ийгилик каалап, бул жолку жолугушуу жемиштүү кызматташуунун жакшы аянтчасы болуп каларына ишеним артарын жана мамлекеттин пайдасына чечиле турган клеишимдердин биргеликте ишке ашуусуна кызыкдар экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: