Menu

“Made in Uzbekistan” бренди тажик рыногун багындырууда

Бөлүшүү:

Быйыл апрелде Душанбе шаарында Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү болгондон бери тажик колдонуучулары өзбек товарларына көбүрөөк артыкчылык бере башташты.

Өзгөчө суроо-талапка “Artel” өзбек компаниясынын балдар кийимдери ээ болууда.

Жеке ишкер Шамсиддин Турдиевдин айтымында, тажик сатып алуучуларды өзбек товарларынын арзандыгы жана сапаттуулугу кызыктырууда.

Бул арада апрелден кийин Душанбеде ачылган «Ravon» автосалону Өзбекстандан алып келген унаалардын 75% сатты. Компаниянын жетекчиси Фаррух Замонов R2, R4, Gentra, Nexia R3, Damas жана мини-жүк ташуучу Labo машиналарына суроо-талап жогору экенин билдирди.

Тажикстандын соода-өндүрүш палатасынын маалыматы боюнча январдан май айына чейин Өзбекстан Тажикстанга 26 миллион долларга бааланган техника, жабдууларды, буудай, минералдык жер семирткичтерди жана башка товарларды экспорттоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: