Menu

Тиллерсон: АКШ Кабул менен талиптердин сүйлөшүүсүн колдойт

Бөлүшүү:

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон АКШ Ооганстан бийлиги менен талиптердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн кандайдыр бир шартсыз эле колдой турганын айтты.

Мамлекеттик департаменттин сайтындагы билдирүү АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы планын жарыялагандан кийин жарык көрдү.

Мамлекеттик катчы АКШ аймактагы согушту токтотуу үчүн эл аралык коомчулук менен Пакистан жана Индиянын дипломатиялык колдоосуна үмүт артып жатканын баса белгиледи. Тиллерсондун билдирүүсүндө талиптер женишке жетпей турганы, бирок алар үчүн саясий легитимдүүлүк менен тынчтыкка карай жол бар экени айтылат.

Ооган президент Ашраф Гани жаңы стратегияны өзгөчө кубаттап, америка-ооган кызматташтыгы мурдагыдан да бекем деп билдирди.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид АКШнын жаңы планын “эски” жана “бүдөмүк” деп мүнөздөп, Америкадан Ооганстандагы күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылып, болбосо аларды “жихаддын уландысы” күтүп турганын эскертти.

21-августта Трамп Ооганстан боюнча көптөн күтүлгөн стратегиясын жарыялап, аймактагы аскерий операциялардын мөөнөтү кырдаалга жараша аныкталаарын билдирди. Мындан тышкары Ооганстанга кошумча төрт миң аскер жөнөтүлөрү белгилүү болду. Трамптын стартегиясын НАТО колдоду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: