Menu

Нуржигит Кадырбеков ак же көк деген сөз айтып койбойт го…

Бөлүшүү:

Бул жигит азыркы кыргыз бийлигинин “алтын жаш кадрлар” деген элиталык кастасына кирет. Өзү ыр жазган чыгармачыл инсан. АКШ, Япониядан окуп келип, япон, англис тилдеринде да эркин сүйлөй алат. Динге да жакын болуп, беш маал намаз окуган такыба. Анын ушул инсандык касиеттери менен билим денгээлин байкап калган президенттин акыл кошчулары алгач Аппаратта иштетип, андан соң “Ыйман” фондун жетектөөнү тапшырышкан. Бирок эмнегедир акыркы күндөрү дал ушул Кудайдын ишин колго алган диний фонддун тегерегинде Түркия берген ири суммадагы акча байланышкан бир топ өйдө-төмөн сөздөр айтылып келүүдө. Былтыр парламент жыйынында бир депутат кардаштар канча акча берип, ал кайсы максатка жумшалгандыгы тууралуу маалымат сураган болчу. Тилекке каршы эл өкүлүнүн бул соболуна ачык жооп берилгендигин уккан жокпуз. Жакында дагы бир басылма 5 млн. доллар дайынсыз жоголгондугун жазып чыкты. Бул ирет да ак же көк деген сөз айтылбады. Адатта мындай имиш чыкса баса калган текшерүүчү органдар да жымжырт. Албетте, биз Түркия президенти өзү болуп берген 20 млн. долларга жакын каражатты Н. Кадырбеков максатсыз пайдаланды деп далилсиз күнөөлөгүбүз келбейт. Ошондуктан депутаттар менен прессага чыгаша-кирешенин эсебин берип койсо, Кудай алдында деле жолу ачылып калар беле…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: