Menu

Түркмөнстан: Азия оюндарынын алдында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөн бийлиги Азиа оюндарыны алдында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салды. Ашхабад дүкөндөрүндө алкоголдук продукция толугу менен жоголду, спирт ичимдиктерин саткан соода түйүндөрү өз ишмердүүлүктөрүн токтотушту.

Ассошиэйтед Пресс ((AP) агенттигинин кабарлашынча, бийликтин оозеки көрсөтмөсүнүн негизинде алкоголь сатуу быйылкы жылдын октябрь айына чейин токтотулду.

Франс-пресс (AFP) маалымат агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу – Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына байланыштуу. Мындай чечим иш-чара учурунда коомдук тартипти камсыздоо максатында кабыл алынган.

Түркмөнстан өкмөтү 15-августта аскер жана укук коргоо органдарын күчөтүлгөн режимде иштөөгө буюрган. Чек араларды жабуу жана виза берүүгө чектөө киргизүү тапшырмасы берилген. Азия оюндары 17-27 сентябрь күндөрү өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: