Шейшембиде Финиксте (Аризона штаты) миңдеген тарапташтарынын алдында сөз сүйлөгөн АКШ президенти Трамп Шарлотсвиллдеги окуяга карата реакциясы туура болгонун билдирип, маалымат каражаттарын сынга алды.
“Алар факты тууралуу айтышпайт. Алар жек көрүүчүлүк, фанатизм менен зомбулукка каршы чыкканымды жана неонацисттерди, ак супремаситтерди, Ку-клукс-кландарды чечкиндүү түрдө айыптаганымды коомчулукка жеткиргилери келбейт”,-деди Трамп. Президент маалымат каражаттарын саясий жана социалдык пикир келишпестиктерди “көбүртүп-жабыртууга”, атүгүл жек көрүүчүлүктү козуткан топторго платформа сунуштап берүүгө күнөөлөдү.
Президент Трамп Финиксте сөз сүйлөп жатканда, миңдеген демонстранттар борбор көчөлөрүндө каршылык акцияларын өткөрүштү. Финикстин мэри Трамптын Шарлотсвиллдеги реакциясына карата коомчулуктун эмоциясы азырынча күчтүү экенин жүйө келтирип, президенттен сапарды кийинкиге жылдырууну сураган.
Полиция каршылык акциясын көзөмөлдөп, кагылышууга жол берген жок.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ