Бишкек-Торугарт жолунда унаа кырсыгы катталып, жыйынтыгында бир адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайыкТокмок шаарындагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаа менен “Пассат-Б-3” унаасы бетме-бет кагылышкан. Жол кырсыгынан “Ауди-80” унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон.
Окуя болгон жерге жетип барган куткаруучулар унаадан айдоочунун сөөгүн алып чыгышкан жана Токмок шаардык өлүкканасынын кызматкерлери аны өлүкканга алып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ