Menu

Генерал Патрушевдин визитинен кийин премьер-министрликке Сапар Исаков эмес, Албек Ибраимов көрсөтүлөбү?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-августта Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Николай Патрушев күтүлбөгөн жерден Бишкекте пайда болуп, дароо эле Алмаз Атамбаев менен жолугушуу өткөрдү. Россия Коопсуздук кеңешинин расмий сайтында Патрушевдин Кыргызстанга келүүсүнүн себебин орус-кыргыз консультацияларын өткөрүү үчүн деп гана кыскача түшүндүрүшкөн.

Биздин Ак үйдөгү жеке булактардын айтымында, Николай Патрушев Кремлдин өзгөчө тапшырмасы менен Кыргызстанга шашылыш келген. Анткени кыргыз бийлиги 25-августка Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырып, анда эл чарбасын башкарууда бир күндүк да тажрыйбасы жок Сапар Исаковду премьер-министрликке шайлоо маселеси каралганы турат. Россия бул маселеде Сапар Исаковдун талапкердигин колдобойт. Анткени Исаков тууралу жыйналган маалыматтарда, ал “Викиликс” долбоорунда Американын Кыргызстандагы өтө баалуу тыңчысы катары тастыкталган. Ошондой эле Россия былтыр Евразиялык союзга кирип жатканда Кыргызстанга берген 200 миллион доллардык жардамдын 136 миллион доллары орус-азербайжан олигархы Агаларовдун казынасына өтүп кетиши Сапар Исаковдун жардамы менен болгону билинип калган. Бул акча боюнча Россия тараптан жооптуу болгон РФ Бажы кызматынын экс-төрагасы Андрей Бельянинов дароо кызматынан алынып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Бишкек болсо бул ишти укмаксан, көрмөксөн болуп келатат.

Бүгүн Бишкекке келген Патрушев Атамбаев менен жолугуп, ага нааразычылыгын билдиргенден кийин Россиянын Кыргызстандагы элчилигине олтуруп алып, кыргыздын  бир нече саясатчысын бир-бирден чакырып, “Сапар Исаковду премьер-министрликке өткөрбөө керек” деп “такалаган”.

Айласы кеткен кыргыз бийлиги Сапар Исаковдун ордуна, премьер-министрлик кызматка тездик менен мурунку Атамбаевдин завхозу, азыркы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду даярдап киришиптир. Эми 25-август күнү парламенттин кезексиз жыйынында Сапар Исаков премьер-министрлик кызматтан өз каалоосу боюнча баш тартып, талапкердигин артка чакырып алат экен да анын ордуна Албек Ибраимов түртүлө баштайт.

Албетте, Россия “Викиликсте” американын баалуу тыңчысы аталган Сапар Исаковду колдомок беле?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: