Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШны протекционизм үчүн сынга алды. Анын айтымында, Америка башка өлкөлөрдөн бөлүнүү менен улуу боло албайт. Handelsblatt гезитине берген маегинде Меркель ааламдашууну өнүктүрүүнү уланта турганын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин протекционизмди колдой тургандыгын бир канча жолу билдирген. Ал башка өлкөлөр менен болгон соодадагы адилетсиз шарттардан улам Вашингтон зыянга учурап жатканын айтып келет. Анткен менен быйыл майда өткөн «Чоң жетиликтин» акыркы жолугушуусунда Кошмо Штаттар башка өлкөлөр менен катар жыйынтык документке протекционизмге каршы күрөшүү чакырыктарын кошууга макул болгон.
Мартта Еврокомиссиянын башчысы Жан-Клод Юнкер Евробиримдик Трамптын протекционизди жактап жатышын олуттуу кабыл алып, АКШ менен ыктымал соода согушуна даяр болуу керектигин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ