Menu

Тажикстанда жарандар улуттук кийим кийүүгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы өлкө жарандарын улуттук кийим кийип жүрүүгө милдеттендирди. Мажлис депутаттары 23-августта «Салт, салтанат жана жөрөлгөлөрдү тартипке салуу жөнүндөгү» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишти.

«Жеке жана юридикалык жактар улуттук маданияттын атрибуттарын сактоого милдеттүү – алар мамлекеттик тилди билип, улуттук кийим кийип жүрүүсү керек», деп айтылат мыйзамдын 14-беренесинде.

Бул жаңы эрежени бузган жарандарга жаза каралган. Өкмөт жакында улуттук кийимдерди кийүү боюнча сунуштар камтылган атайын буйрук даярдап чыгат.

Тажикстанда хижаб менен сатр өлкө президенти Эмомали Рахмон тарабынан улуттук салттар менен баалуулуктарга жат кийимдер деп жарыяланган.

Тажик парламентарийлери мыйзамга сунушталган бардык өзгөртүүлөрдү бир добуштан жактырышты. Алар төмөндөгүлөр:

– маркумдун жетилик, кыркылык жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салынат.

– “Баланы отургузуу” жөрөлгөсү үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда гана өтөт. Ага искусство кызматкерлери катыша албайт. Бул жөрөлгө ата-энесинин макулдугу менен бала төрөлгөндөн кийинки жыйырма күндүн ичинде тиешелүү медициналык жайларда акысыз жасалат.

– исламдын ыйык жерлерине зыярат кылып келген адамдарга “ажы” деп өзгөчө урмат көрсөтүүгө болбойт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: