Menu

Саламаттык сактоо министрлигинен уурдалган миллиондор ачыкталды

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелериндеги каржылык текшерүүнүн жыйынтыгында 44,5 млн. сомдук бюджеттик акча уурдалганы аныкталганын жарыялады. Бул боюнча тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына тапшырылган. Министрликтин коомдук кеңеши болсо ички аудиттен сырткары эсеп палатасынын буга чейинки жылдык текшерүүлөрүндө жүз миллион сомдон ашуун каражат жең ичинен желип кеткен учурлар болгону менен, зыяндын орду толтурулбай келатканын билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жолу ички аудиттин жыйынтыгын ачык жарыялап, министр өзү эң көп акча уурдалган мекемелерди атады. Ал бул жолу каржылык мыйзам бузууга жол берген жетекчилер кызматтан гана айдалбастан, зыяндын ордун төлөтүү чаралары күчөтүлө турганын убада кылды.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: