Кадимки Болот Шер «Манас» аэропорту тарапка кетип бараткан аймактын ыңгайлуу жерине балык чарбасын өркүндөтүп, ушу тапта жеке тиричилиги менен алектенип аткан чагы. Күзгү саясат кызыган сайын улам бир көрүнүктүү ишмерлер Бокенин үйүнө байма-бай катташып, келечек пландарды түзүп атышканы жашыруун эмес. Эки революцияда тең эрдик көрсөткөн кайран кыраан бу саам да Кыргызстанда кырдаал жакшы болбой калганын божурап, оор күрсүнүп, баш чайкап отурган чагы. «Азыркы болуп аткан саясый окуялар убактылуу көрүнүш, чыныгы тарых башка. Жакында баары башкача болуп өзгөрөт…» деп Боке сыр каткан маанайында күрүлдөптүр. Бул эмнени билдирет? Жөн жерден баатыр мүнөз агабыз козголчу эмес эле…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ