Эркин Баев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Баев Эркин Кочкорович-милициянын полковниги. 1967-жылы 26-майда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1989-жылы ички иштер органында милиция кызматынан баштаган. Ошондой эле ар кандай жетекчилик кызматтарда: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ