Menu

Бүгүнкү бийлик адилеттүү болгондо коррупциянын символу Нурлан Сулайманов Алайда тайраңдап жүрөт беле?

Бөлүшүү:

КурСалиевичтин үй-бүлөлүк, бандиттик башкаруу доорунда 5 жыл бою жол, транспорт жана коммуникация министрлигинде мыктай отурган Нурлан Сулаймановду билесиңер да. 2010-жылдагы апрель революциясынан соң өлкөдөн безе качып жоголгон. Албетте, куйругунда калбыры, коррупциянын жогорку үлгүдөгү символу болгон үчүн. Эл аралык издөөгө алынган дал ушул эргул жөнүндө буга чейинки сандарыбызда шайлоо алдында бүгүнкү бийликке жылчык таап, кичи мекенине келгенби (?) деген маанайда суроо салган элек. Материал жарык көргөнү редакцияга мекенинен безе качып жүргөн Сулайманов тууралуу күбүр-шыбыр маалыматтар келгени, учурда Бакиевдин алкы бузук «шестеркасы» Кыргызстанда бүгүнкү бийлик талапкерин колдоого алуу үчүн тымызын иш кылып жатканы ачыкталабы? Эгер адилеттүү бийлик болгондо бул эргулду шайлоо үчүн пайдаланбай, желкесинен сүйрөп келип, буга чейинки жеп-ичкендерин казынага төктүрүп, куру дегенде кары-картаңдардын пенсиясын ушуга окшогон 10 коррупциянын символдорунун эсебинен көтөрүп коёт беле? Бир эле мисал, эски бийлик доорунда андагы премьер Игорь Чудинов баштаган өкмөттүк делегация Кытайга жасаган визитинде жол, транспорт министри, сөз болуп жаткан «каарман» Нукеңер андагы «Бишкекгаздын» башчысы Алишер Бейшеналиевге 10 миң доллар акчасын алеки заматта карта ойноп жатып уттуруп койгонун күнү бүгүнкүгө чейин көргөндөр айтып келишет. Көрдүңөрбү, карапайым үй-бүлө 10 жыл жашоого сарптачу жашылбайды бул эргул 10 мүнөттө кумар оюнуна уттуруп жибергенин. Ушуга окшогондорду эркиндикте тайрандаткан бүгүнкү бийликте анан кайдагы адилеттүүлүк?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: