Menu

Кыздын мөлтүлдөгөн көз жашы жана таене менен эненин каргышы

Бөлүшүү:

Белгилүү себептер менен кыздын жана таенесинин, энесинин аттары аталбады. Бирок, бүгүнкү тагдыр, бүгүнкү күндөр… Кыздын тагдырына кайдыгер карабагандар «Сезим» кризистик борборуна кайрылсаңыздар болот.

Жыйырма жаштагы кыз таенесинин колунда чоңойгон. Энеси экинчи турмуш куруп кеткендиктен, тай жагында унчукпай, баш ийип жашого аргасыз болгон. Ошондуктан, бийлиги күчтүү таене кызын «жакшы, бай» жер деп күйөөгө бир гана жолу тааныштырып берген. Кыз айласыздан ичтен сызып гана күйөөгө узаган. Бирок, астанасын аттаган беш күн ал үчүн тозокко айланган. Жандүйнөсү күйөөгө чыгууну каалабагандыктан, жигитти жанына жолотпой, намысын коргоо менен күн-түнүн өткөргөн. Ал «макул эмесмин» деп айтканга дагы кудурети жеткен эмес. Анткени, энеси, таежелери баары зордоп, аны күйөөгө берүү аракетгерин жасап, куда тарап менен соодалашып коюшкан. Жандүйнөсү жай албаган кыз ал үйдөн качып чыгып, «Сезим» кризистик борборуна кайрылган. Бирок, курбу кызы аркылуу аны таап, таенесиникине алып барып, кайрадан турмушка чыгууга мажбурлай башташкан. Ошондо кыз кайрадан жардам сурап «Сезим» кризистик борборуна келип, жакындары менен жолугушуудан баш тарткан. Ал бир эле көргөн адамга турмушка чыга албастыгын айтканда, буга чейин баш көтөрбөй унчукпаган кыздын баш ийбей жатышы, таенеси менен энесин таң калтырып, алар кызды жыйырма жыл баккандыгы үчүн «үстүндөгү кийимдериңди чеч, кудалар салган сөйкөнү бер» деп талап кыла башташты. Таенеси жыйырма жыл баккандыгы үчүн «акы төлөп бер» деп чатак чыгарууда. Кыздын паспортун да туугандары бергилери келген жок. Жарык дүйнөгө алып келген энеси «ак сүтүмдү кечтим, мени шерменде кылдың» деп кызын каргап-шилеп, анын оюн уккусу жок.

Мөлтүлдөп аккан жаш, жаш кыздын ыза аралаш ыйы, таене менен эненин каттуу каргышы, кыйкырык, ызы-чуусунан угулбай кала берди….

Гүлмира ҮМӨТАЛИЕВА, «Сезим» кризистик борборунун менеджери

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: