Menu

Армения президенти: Түркмөнстан – ишенимдүү өнөктөш

Бөлүшүү:

Түркмөнстан ишенимдүү өнөктөш жана биз эки өлкө ортосундагы мамилени жигердүү өнүктүрүүгө кызыктарбыз, бул үчүн бардык шарт бар. Бул тууралуу бүгүн Армения президенти Серж Саргсян Ереванга расмий сапар менен келген Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовду кабыл алып жатып билдирди.

“Арменияга келгениңизге өтө кубанычтамын. Сиздин сапар – өтө олуттуу окуя жана ал эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгын утурлай өтүүдө”, -деди Серж Саргсян

Өз кезегинде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов армян элинин меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди.

“Ушул жылы, тактап айтканда 9-октябрда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношуна 25 жыл толот. Бул убакыт аралыгында саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү үчүн чоң иш жасалды. Эң башкысы бул сапар өз ара байланыштарга, жаңы мүмкүнчүлүктөргө дем берет”,- деди Бердымухамедов.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Арменияга Серж Саргсяндын чакыруусу менен келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: