2017-жылдын 20-август күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ново-Павловка айылындагы кафелердин биринен балдар уруша кетишип, алардын бири бычактан жаракат алгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, териштирүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 20-август күнү болжол менен саат 04:00 чамасында 17 жаштагы Ж.К .аттуу жана бейтааныш бала экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен.
Натыйжада Ж.К. бычактан жаракат алып, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине тез жардам кызматы менен жеткирилген. Топтолгон материалдардын негизинде Сокулук районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Бишкек шаарынын А.Р. аттуу тургуну кармалып, Сокулук райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ