Бакуда көз карандысыз “Туран” маалымат агенттигинин жетекчиси Мехман Алиев кармалды. Ал салык төлөөдөн качууга айыпталууда.
Сот Алиевдин баш коргоо чарасын 48 саат аралыгында карашы керек. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети Азербайжан бийлигин “Турандын” кызматкерлерине асылууну токтотууга чакырууда. Human Rights Watch укук коргоо уюму дагы агенттиктин ишине кийлигишпөөгө үндөдү.
16-августта салык кызматкерлери “Туранда” тинтүү жүргүзүп, документтерин алып кетишкен. Агенттиктин кызматкерлери муну саясий өңүттөгү куугунтук катары сыпатташкан. Алиев агенттик салык боюнча эч кандай мыйзам бузууларга барбаганын билдирген.
“Чек арасыз кабарчылар” азери бийлигин салык төлөөдөгү алешемдиктерди колдонуу менен өлкөдөгү көз карандысыз ММКларды куугунтуктоого айыптаган. Басма сөз эркиндигинин индекси боюнча баяндамада Азербайжан 2017-жылы 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгаштырылган.
“Туран” агенттиги 19990-жылы негизделген, ал маалыматтарды азери, орус жана англис тилдеринде жарыялайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ