Menu

Жалал-Абад: окуучулардын билим сапаты өсүүдө

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында “Кыргызстандын мектеби: Жаңы чечимдер жана келечеги” аталышындагы мугалимдердин август конференциясы өтүп, анда балдарга билим берүүнүн сапаты улам өсүп баратканы белгиленди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Бул туурасында Жалал-абад мериясынын маалыматтык борбору билдирди.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов баштаган бир топ жетекчилер, ошондой эле шаардагы мектеп, бала бакчалардын жетекчилери, алдыңкы мугалимдер коомчулугунун өкүлдөрү катышкан бул конференцияда 2016-2017-окуу жылындагы жетишкендиктер, орун алып жаткан айрым көйгөйлөр тууралуу кеңири сөз болду. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаевдин билдиришинче, өткөн окуу жылы шаардагы мектептер үчүн ийгиликтүү болуп, билим берүүнүн сапаты жакшырган. Мектеп окуучуларынын билим сапаты 1-чейректе 46,3 пайыз, 2-чейректе 46,7 пайыз, 3-чейректе 49,4 пайыз, 4-чейректе 52,3 пайыз болгон.  М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Абдыкадырова Мээрим 225 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болуп, республиканын эң мыкты 50 окуучунун бири болуп аталган. Мектептерди материалдык-техникалык камсыз кылуу жакшырган.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов билим берүү тармагынын кызматкерлерин август конференциясы, Эгемендүүлүк күнү жана Айт майрамдары менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтуу менен алдыңкы мугалимдерге шаар мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

-Урматтуу мугалимдер, бүгүн сиздердин жетишкен ийгилигиңиздер тууралуу маалымат алдык. Биздин шаарда быйылкы окуу жылында да алтын сертификат алган окуучуларыбыз болду. Бул шаардыктардын, бардыгыбыздын жетишкендигибиз болуп эсептелет. Сиздердин коомдо ордуңуздар чоң, жооптуу, түйшүктүү кызматты аркалап келесиздер. Сиздерге ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм, – деди ал.

Конференциянын катышуучуларына шаардагы балдардын “Ариет” чыгармачылык борборунун катышуучулары тарабынан чоң программадагы концерт тартууланды.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: