Menu

Өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын иши өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-августта КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү үчүн VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын иши башталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунушу келип түшкөндүгүн маалымдап, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакыргандыгын айтты.

Учурда КР Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү үчүн тиешелүү жол-жоболорду өткөрүү максатында танапис жарыяланып, Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясы чогулууда. Андан соң Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында аталган маселе каралмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: