Menu

Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму өтүүдө

Бөлүшүү:

2017-жылдын 24-26-августунда Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму өтүп жатат. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.

Казакстан Республикасынын Астана шаарында «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму ЭКСПО-2017 аянтчасында өтүүдө. Форумда негизинен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕврАзЭС)  экономикасын модернизациялоо жана интеграциялык биримдиктин экпорттук потенциалын көтөрүүгө басым жасалууда.

«Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун алкагында биздин өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук экпозициясы уюштурулган.

Мындан сырткары Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүү, глобалдык чакыруулар жана ЕврАзЭС алкагында кооперация жана экпортту өнүктүрүү пландары талкууланууда.

Форумдун иштиктүү бөлүгү 28 эксперттик топ иштейт. Форумдун ачылышында атаандаштыкка туруштук берүү, түрдүү маселелерди талкуулоо жана башка багыттар каралууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: