Menu

АКШ компаниясы Кыргызстан менен Казакстанда ресторандар түйүнүн ачат

Бөлүшүү:

Башкы кеңсеси АКШнын Кентукки штатында жайгашкан Papa John’s эл арарык ресторандар түйүнү Кыргызстан менен Казакстандын базарына кирүүгө мүмкүндүк берген макулдашууга кол коюлганын билдирди.

Макулдашууга ылайык, жакынкы беш жылдын ичинде Казакстанда 16 ресторан ачылса, алгачкысы бир нече айдан кийин Алматыда ишин баштайт. Андан сырткары компаниянын жакынкы үч жылда Бишкекте алты ресторан ачуу планы бар. Биринчиси ушул жылдын аягына чейин кардарларды тейлей баштайт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле америкалык компания кийинки жылдан тарта Польшада 23 ресторан ачууну пландап жатканын билдирди. «Биздин Орусиядагы ийгилигибиз Казакстанда, Кыргызстанда жана Польшада дагы кайталанат деп ишенебиз», – деди ресторандарды ачуу менен алектенген PJ Western компаниясынын ээси жана аткаруучу директору Крис Уинн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: