Menu

Казакстанда атеисттердин сезимин кемсинтүү үчүн айыппул киргизүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом министрлиги атеисттердин сезимин кемсинтүү үчүн административдик жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Документке ылайык, диний адамдардын сезими менен атрибуттарын кемсинтүү, диний ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу жана радикализм үчүн жеке жактар 700 долларга чейинки өлчөмдө айыппул төлөшөт.

Министрлик Орусиядагы «Яровая пакети» сыяктуу эле миссионердик ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштоодо. Андын тышкары диний уюмдардын өлкөдөгү саясий ишмердүүлүккө катышуусуна жана каржылоосуна дагы тыюу салуу каралууда. Бул мыйзамды бузгандарга эки миң доллардан ашык өлчөмдөгү айыппул каралса, чет өлкөлүктөргө кошумча өлкөдөн чыгаруу жазасы да колдонулушу мүмкүн.

Документте ата-энесинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз балдарды өз ишмердүүлүгүнө тарткан диний уюмдардын жетекчилерине $680 өлчөмүндөгү айыппул каралган.

Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлөрдөгү диний окуу жайларга Казакстандын өзүндө диний билим алган гана жарандар бара алышат.

Министрлик ошондой эле деструктивдүү идеялогиялык агымдарга таандык сырткы атрибуттарды алып жүрүүгө да тыюу салууну сунуштоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: