Мекке жана Медина шаарларындагы 2017-жылдагы ажылыкты уюштурууда ажыларга кызмат кылуучу көчмө топтун жыйыны болуп өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Быйылкы жылдагы Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү, жайгаштыруу маселелери талкууланды. Ажылардын ташууда ыңгайлуу болуш үчүн замамбап автобустарды талап кылуу, Мина жана Муздалифа өрөндөрүндөгү палаткаларды бөлүштүрүү, аларга суу жана муздарды өз убагында, жетишээрлик деңгээлде жеткирүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Убактылуу штабдын мүчөөлөрүнө да уюштуруу иштеринде чын ниеттен, коюлган тапшырмаларды өз убагында жана ажы башчылар менен ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн тыгыз иш алып барууну талап кылынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ