Menu

Канат Исаев: “Президент “2010-жылдан бери мугалимдердин айлыгын 4 эсе көбөйттүк” деп айтып жүрөт, анда эмне, айлык 2010-жылы 1,5 миң сом болуп, азыр 5,5 миңге жеттиби?

Бөлүшүү:

“Билим берүү министринен жаш мугалимдердин айлыгы канча деп сурасам билбей койду, Сапар Жумакадырович, министр жооп бере албаса анда мен жооп берейин. Азыр жаш мугалимдин колуна алган айлыгы 5,5 миң сом”, –  деп билдирди парламенттин депутаты Канат Исаев Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

Президентке туура эмес маалымат бересиңер, президент: “2010-жылдан бери мугалимдердин айлыгы 4 эсе өстү” дейт. Аны телевизордон күнүнө элге 5 маал көрсөтөсүңөр. Эгер 5,5 миң сомду 4кө бөлсөк анда 1,5 миң сом болуп калбайбы? Эмне, 2010-жылы мугалимдердин айлыгы 1,5 миң сом беле? Президентке дагы туура маалымат берсеңиздер. Ой, эл деле көрүп турат да. Эл мугалимдердин айлыгы канча экенин жакшы билет. Мурун канча айлык алчу, бүгүн канча алып жатат, эл билет. Мугалимдерден сурасаңар айтат, айлыгы 4 эсе өстүбү же жокпу?”, – деди Канат Исаев президенттин “мугалимдердин айлыгын 4 эсе көбөйттүк” деп айтып жүргөн сөзүн калпка чыгарып.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: