Menu

Өмүрбек Бабанов: “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшү 32%дан 26%га түштү, ошол эле учурда кенди иштеткен “Центерра” компаниясы 1,1 млрд долларга бир банкрот компанияны сатып алды”

Бөлүшүү:

“Кумтөр” алтын кенинде Кыргызстандын үлүшү 32 пайыздан 26 пайызга түшүп кетти. Ошол эле учурда аны иштеткен Канадалык “Центерра” компаниясы “Томсон Грик” деген Канадалык финансылык абалы кыйындаган компанияны 1 миллиард 100 миллион долларга сатып алды”, – деп билдирди парламенттин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“Центеррага” акчанын 80%ы биздин “Кумтөр” алтын кенинен түшөт.  Биздин энергетиканы “Лигласс” деген банкрот компания келип сатып алып жатат, ал эми биздин алтын кениндеги байлыкты ташып кетип жаткан “Центерра” Канададан бир банкрот фирманы сатып алып жатат. Ушул жыргаган ишпи? Биздин фракция сунуш кылат: сентябрь айында депутаттык комиссия түзүп, “Центерра”  банкрот болгон “Томсон Грик” компаниясын кандайча сатып алган, эмне үчүн Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 32%дан 26%га түшүп кеткенин изилдешибиз керек”, – деди Бабанов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: