“Шайлоого карата административдик ресурс тууралу айта кетсем, мына, президенттикке эң негизги талапкер – Сооронбай Жээнбеков СДПКнын саясый кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков СДПКнын саясый кеңешинин мүчөсү, Президентибиз Алмаз Шаршенович СДПКга түздөн-түз тиешеси бар экендигин өзү бир нече жолу айткан. Премьер-министрликке да СДПКнын саясый кеңешинин мүчөсү Сапар Исаков баратат”, – деп билдирди парламенттин депутаты Канат Исаев Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта өткөн кезексиз сессиясында.
“Сапар Жумакадырович, эгер шайлоодо административдик ресурсту колдоно турган болсоңор эл шайлонун жыйынтыгын тааныбайт. Кыргыз эл демократия эмне экенин жакшы билип калды. Эркиндикти сүйгөн эл”, – деди Канат Исаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ