Сапар Исаков 26-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен биринчи жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Өкмөттүн расмий сайты жарыялады.
Жыйында Сапар Исаков жаңы Өкмөттүн алдында турган кыска убакыт аралыгында ишке ашырылуучу бир катар тапшырмаларга токтолду.
Мындан сырткары, Премьер-министр экономиканын түрдүү тармагын реформалоого багытталган «Жаңы доор – кырк кадам» Өкмөттүк Программасын эффективдүү ишке ашыруунун үстүнөн иш алып баруу керектигин баса белгиледи.
Өкмөт башчы министрликтер менен ведомстволордун ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптардын бири, кабыл алынган кандай гана чечим болбосун оперативдүү жана эффективдүү аткаруу керек экенин билдирди.
Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доор – кырк кадам» Өкмөттүк программасында жана башка стратегиялык документтерде коюлган тапшырмаларды убагында аткаруу үчүн Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ