Боливияда жылына бир ирет таң калыштуу жана коркунучтуу майрамдардын бири белгиленет. Боливиялыктардын тилинде бул майрам «Da de los Muertos» деп аталып кыргызчалаганда «Маркумдар күнү» деген маанини берет. Жергиликтүү тургундардын ишениминде бул күнү каза болгон пенделердин жаны жерге кайтып келет.
Бул майрамда мурда-кийин болбогон адамдар үчүн аябай эле коркунучтуу. Айлананын баарын эле кишинин баш сөөгү курчагандыктан майрамды көргөнү барган адамдарга алгач оор эле. А боливиялыктар үчүн мында корко турган эч нерсе жок. Анткени ал баш сөөктөрдүн баары тирүүсүндө өздөрүнүн туугандары болгон. Жергиликтүүлөрдүн түшүнүгүндө каза болгон жакындарынын жаны денеден ажыраганда асманга чыгып, андан соң кайра жерге келет. Алар жерге түшкөн күн «Маркумдар күнү» деп аталат. Бул күнү боливиялыктар бир эле туугандарынын күмбөздөрүнө барбастан, ар кандай салтанаттуу майрамдарды белгилейт. Катып койгон баш сөөктөрдү чыгарып, гүлдөр, жалбырактар жана чылым менен кооздоп, дарбазасынын кире беришине илип коёт. Боливиялыктардын түшүнүгүндө босогодогу баш сөөк үй ичиндегилерди ар кандай жаман, ыплас жандардан коргошот. Анткени жерге түшкөн жандардын баары эле момун боло бербейт экен.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ