Menu

“Сентябрь” каналы “Жалбырак ТВ” болуп иштей турганын жарыялады

Бөлүшүү:

Бул тууралуу “Сентябрь” каналынын Бишкектеги кеңсесинде өткөн флеш-мобдо айтылды. Аталган каналдын өкүлдөрү мындан ары “Жалбырак ТВ” деген ат менен интернетте ишин уланта турганын, жакында сайт дагы ишке киришерин маалымдашты. Флеш-мобго телеканалдын жамааты, жарандык активисттер катышты.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​”Сентябрь” каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. ​

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта мунун негизинде “Сентябрь” телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Судья Жылдыз Жумабаева чечим дароо күчүнө кирерин билдирген. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитети жана УКМКга жүктөлгөн.

“Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: