Menu

Ош шаарында автоунаа айдап качкан жаран кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 4-октябрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 46 жаштагы И. Г. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, ушул эле күнү болжол менен саат 14:30 чамаларында белгисиз жаран арыз ээсинин “Лексус RX350” үлгүсүндөгү автоунаасын Ош шаарынын дүкөңдөрдүн биринин алдына токтотуп койгон жеринен, автоунаанын ичинде отурган өспүрүм кызы менен кошо айдап качып кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш- чараларынын натыйжасында кылмыш изи сууй электе Ош шаарынын 31 жаштагы С. З. аттуу жашоочусу кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине (автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кармалган жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Өспүрүм кыз эч кандай жабыр тарткан жок,  милиция кызматкерлери тарабынан ата-энесине тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: