Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен соң, мамлекеттик кызматта иштебейт. Бул туурасында ал бүгүн, 28-августта Өзгөн районундагы селден жабыркаган үй-бүлөлөр менен жолугушуп жатып билдирди.
“Ким бул нерседен коркуп жатаса, корпой эле коюшсун. Бирок менден кийин президент жана өкмөт ситуацияны көзөмөлдөп турат, анын ичинде Ынтымак айылынын өнүгүүсүн дагы. Балдар өлүп атканда өлкөнү тоногондор, элдин мүлкү менен байыгандар, эртеби-кечпи бул үчүн жооп бериши керек”, – деди ал.
“Ооба, мен кайсы бир кызматка кетпейм, бирок менин эски партиялаштарым айтып атышат, убакыттын өтүшү менен партиянын лидери кылып мени шайлайбыз деп. Мен бардыгын көзөмөлдөп турам жана Кудай буйруса, кийинки жылы силердин айылга кайра келем”, – деди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ